Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Дагестанда коопсуздук операциясында эки согушкер өлтүрүлдү


Орусиянын аймагындагы жумурияттын бийликтери кабарлагандай, согушкер деп шектелген эки киши баш калаа Махачкаланын жанында жок кылынды. Бийлик өкүлдөрү бышыктагандай, Ленинкент шаарчасындагы турак үйдө бекинип алган экөө туткунга түшүп берүүдөн баш тарткандан кийин атып өлтүрүлдү. Ушул эле булакка ылайык, кийин үйдөн жардыргыч зат табылды. Көбүнесе мусулмандар отурукташкан Дагестан Түндүк Кавказдагы эң коогалуу аймактардын бири. Мында исламдын ваххаби сектасына кирген согушкерлер полицияга, армияга жана момун мусулмандарга дайым кол салып турушат.

XS
SM
MD
LG