Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Түркия: Күрт адаватчылары менен урушта 29 адам өлдү


Күрт козголоңчулары Түркиянын түштүк чыгышында коопсуздук күчтөрүнүн базасына кол салышты. Дүйшөмбүгө караган түнү Бейтуссебеп казамрасына жасалган чабуулда 9 аскер окко учканын Сирнак провинциясынын губернатору Вандеттин Өзкан билдирди. Жергиликтүү маалымат булактары аз дегенде 20 согушчан катардан чыкканын маалымдашты.

Күртистан жумушчу партиясы 1984-жылы Түркиянын түштүк-чыгышында автономия түзүү үчүн куралдуу күрөштү баштагандан берки коогалаңда соңку маалыматтарга караганда, 40 миңден көп адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG