Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Эчкили-Таш чек ара туругунда жаңы курам кызмат өтөөдө


Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш туругунда төрт кызматташын жана алардын биринин аялын атып өлтүргөн окуя учурунда кызмат өтөгөн командир, жоокерлердин бирөө да жок. Азыр курам толугу менен өзгөргөнүн аталган чек ара бекетине барып келген “Азаттыктын” кабарчысы Элеонора Бейшенбек кызы маалымдады.

20-августта Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш туругунда Балбай Кулбарак уулу аттуу чек арачы төрт кызматташын жана алардын биринин аялын атып өлтүргөн. Өзү эртеси колго түшүрүү учурунда окко учкан. Ал эми Балбай Кулбарак уулу менен чогуу кызмат өтөгөн, окуя учурунда чабандарга качып барган үч жоокер учурда Кара-Колдогу чек ара бөлүгүндө.

Кара-Колдогу 2028 аскер бөлүгүнүн командири Кубан Жээнбаев каражатка байланыштуу чек ара бекеттерде маселе бар экенин, башка күч түзүмдөрүнө салыштырмалуу каражат аз бөлүнөрүн белгиледи. Анын айтымында, жоокерлерди тандоо жолдору да туура эмес, кээде өз атын жаза албагандар да кездешет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG