Учурда Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун судьялыгына тандалган 25 талапкерди карап жатат. Судьялар кандай тандалып алынганын жана талапкерлер тууралуу толук маалымат берүү үчүн парламентке Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев чакырылды. Ал эми сотторго добуш берүү бюллеттен салуу аркылуу жабык өтмөй болду. Буга чейин талапкерлерди парламенттин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитети карап жактырган. 10-августта Сотторду тандоо кеңеши 66 талапкердин ичинен Жогорку Соттун судьялыгына 32 талапкерди иргеп, президенттин кароосуна сунуштаган. Президент сунушталган талапкерлер ичинен 25ти тандап, парламентке жөнөткөн.
Жогорку Кеңеш эки апталык мөөнөт ичинде Жогорку Сот судьяларын бекитиши керек. Жогорку Соттун курамы 35 судьядан турат. Эгер парламентке сунушталган 25 талапкердин баары бекисе, Жогорку Соттун азыркы судьялары автоматтык түрдө кызматтан кетишет. Бош калган 10 орунга кайрадан сынак жарыяланат. (КЕ)