Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Ошто мыйзамсыз иштеп жаткан кытайлык ишкерлер кармалды


Ош шаарында мотор майларын мыйзамсыз иштеп чыгарып жаткан кытайлык ишкерлер кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, Ош шаарынын Исанов көчөсүндө жайгашкан "Турбаза" эс алуу комплексинде 42 жаштагы Вей Ху Жен жана 22 жаштагы Чанг Ху Кун аттуу Кытайдын жарандары кармалышкан. Тинтүү иштеринин жүрүшүндө мотор майлары куюлуучу идиштерди жасай турган станок, миңден ашуун пластикалык идиштер жана продукциялар, "Орусияда жасалган" деген жазуусу бар этикеткалар табылган.

Кармалгандарда Кыргызстандын аймагында ишкерлик жүргүзүүгө уруксат бере турган документтери жок болгондугуна байланыштуу кылмыш иши козголду.
Эки күн мурда шаардын башка бир аймагынан мыйзамсыз түрдө шампунь чыгарып, аны Франциянын, Орусиянын товары катары сатып жаткан 39 жаштагы Кытайдын жараны кармалган болчу.

Бул боюнча да кылмыш изи козголуп, аларга иштөө үчүн уруксат бергендерди аныктоо иштери жүрүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG