Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун акими Абдилазиз Ашыралиев кабарлады. Бүгүн Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылынын 50 чакты тургуну Тажикстанга бензин ташыган 15тей КамАЗды тосуп, өткөрбөй коюшту. Алар айдоочулардан бензин мыйзамдуу ташылып жатканын такташты. Тиешелүү документтер көрсөтүлгөн соң жол ачылып, КамАЗдар койо берилди. Ашыралиевдин айтымында, эл менен айдоочулар ортосунда чыр чыккан жок. (КЕ)