Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Ооганстан: НАТОнун 4 аскерин жергиликтүү полисмен атып салды


Окуя бүгүн өлкөнүн түштүгүндө болду. Кечээ да түштүктөгү Хелманд провинциясында ушундай окуядан эки америкалык аскер өлгөн, үчөө жаракат алган. Быйыл жыл башынан бери НАТОнун 51 аскерин ооган полициясы же аскерлери эле өлтүрүшкөнү кабарланууда. Ушул айдын башында Ооганстандын Коргоо министрлиги жумурияттагы чет өлкөлүк аскерлерге кол салууга катышкан болушу мүмкүн деп жүздөгөн ооган аскерлерин камаганын билдирген болчу. Аларды полициянын же аскер күчтөрүнүн катарына кошулган козголоңчулардын тыңчылары болсо керек дешет.

XS
SM
MD
LG