Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Аксыда милицияга нааразы болгондор митингге чыкты


Жалал-Абад облусундагы Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн алдында бүгүн митинг өттү. Райондук милиция башчы Абдурашид Керимбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, анда жүздөй адам чогулуп, адам өлтүрдү деп шектелген милицияларды камоо, бул окуяны көргөндөрдүн баарынан көрсөтмө алуу талабы коюлду. Керимбаев Кара-Жыгач айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин баары бул иш тергелип бүткүчө кызматтан убактылуу четтетилерин билдирди.

Аталган айылдын тургуну Эсен Момбеков башынан алган жараатынан 14-сентябрда ооруканада көз жумган. Маркумдун туугандары милициянын токмогунан өлгөнүн айтып, нааразы болушууда. Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов Момбеков мал базар болгон күнү башы канжалап жаткан жеринен үч милиция кызматкери ооруканага жеткиргенин, окуя териштирилерин “Азаттыкка” билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG