Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:26

Кабулда мерт болгон кыргызстандыктын ким экени аныкталды


Ооганстандын борбору Кабул шаарында террордук чабуулда мерт болгон кыргызстандыктын ким экени аныкталды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча бүгүн расмий билдирүү таратты. Анда каза тапкан кишинин аты-жөнү Эсенбек Ниязалиев экени айтылат. 1962-жылы туулган бул кыргызстандык жаран Ооганстанда контракт боюнча вертолет тейлеген техникалык кызматкер болуп иштеп жаткан.

Террордук чабуул кечээ таңга жуук болгон. Кабулдагы АКШ элчилигинин учактарын тейлөөчү түштүк африкалык жеке компаниянын үч унаасы аэропорттон мейманканага бараткан жолдо жанкечти аял өзүн өзү жардырган. Бир кыргызстандык, эки ооган жана Түштүк Африканын жети жараны набыт кеткени айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG