Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:48

Атамбаев: 2014-жылдан кийин "Манастагы" Транзиттик борбор чыгарылат


"Манас" аэропортунун аймагында жайгашкан Транзиттик жүк ташуу борбору 2014-жылдан кийин ал жерден чыгарылат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн орус президенти Владимир Путиндин Бишкектеги сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында айтты.

"2010-жылдан тарта  жарандык “Манас” аэропорту жарандык гана максатта колдонулушу зарыл деп келем. Башка бир мамлекеттин аскер базасы турган жай болбошу керек.  2014-жылы ал кайра жарандык аэропортко айланат. Мен бул оюмду эч качан жашырган эмесмин", - деди Атамбаев. 

Орус президенти Владимир Путиндин айтымында, "Манастагы" база маселеси бүгүнкү жолугушууда талкууланган жок. (AiK/RK)

 

XS
SM
MD
LG