Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

22-сентябрга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
22-24-сентябрда Кемин өрөөнүндө, Талас жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде 0...2 градус үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул мөмө-жемишти жана казылып алынган, жабылбаган картошканы үшүк алуу коркунучун жаратат.


Аба ырайы
22-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 5...10, түндүк тарабында 1...6, күндүз 18...23,
Талас облусунда түнкүсүн 0...5, айрым жерлерде 0...-2 үшүк жүрөт, күндүз 15...20,
Баткенде түнкүсүн 7...12 күндүз 19...24 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, чыгыш тарабында 0...5, күндүз 12...17,
Нарында түнкүсүн 0...5, айрым жерлерде 0...-2 үшүк жүрөт, күндүз 15...20,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -4...+1, күндүз 10...15,
Тоолордо түнкүсүн -5...-10, ал эми күндүз 0...5 болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10, күндүз 20...22 градус болот.

XS
SM
MD
LG