Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:33

Жалал-Абадда чечекке каршы эмделген 344 баш кой өлдү


Жалал-Абад облусунда чечек оорусуна каршы жаңы эле эмделген 344 баш кой өлдү. Бул маалыматты “Азаттыкка” облустук ветеринардык башкармалыктын жетекчиси Жумабек Аскаров тастыктады. Өзбекстандан келген 3600 доза вакцина жалалабаддык тургундун ветеринардык дарыканасынан сатылып алынган. Суу чечекке каршы Сузак районундагы 1960 баш койго эмдөө жасалып, анын ичинен 344ү аргасыз союлду. Аталган маселе бүгүн облустук кеңешмеде талкууланды. Бул тууралуу бүгүн парламентте да сөз болду. Депутат Өмүрбек Текебаев сапатсыз вакцина саткан адам качып кеткенин айтты. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG