Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:11

900дөн ашык кой өлдү


Жалал-Абаддын Сузак районунда чечек оорусунан өлгөн койлордун саны 900дөн ашты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

- Кыз-Көл, Кара-Дарыя, Көгарт, Кызыл-Туу айылдык аймактарындагы койлор эрте жазда чечекке каршы эмделген экен. Күздө дагы бир эмдетип койолу дешкен экен. Себебин ошол вакцинадан көрүшүүдө. Бирок азыр так диагнозу чыга элек.

Учурда айылдарда ветеринарлар иштеп жатат жана өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов аталган аймакта кырдаал менен таанышып жүрөт. Аталган маселе 21-июнда Жогорку Кеңеште да талкууланган болчу. Жалал-Абаддын тургуну Өзбекстандан 3600 вакцина алып келип, “чечекке каршы вакцина” деп таратканы айтылууда. (AKu)

XS
SM
MD
LG