Казакстанда сот былтыркы Жаңы-Өзөн окуясынан кийин камака алынган аким Орак Сарбопеевди 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратты. Соттун чечими боюнча анын үй-мүлкү мамлекеттин карамагына өтөт. Сарбопеевге сот “кызматтык абалынан пайдаланган”, “кылмыш жасоого даярданган” деген айып койду. Ушул жылдын 22-июнунда экс-аким күнөөсү далилденбегени үчүн сот залынан бошотулган болчу. Былтыр кышта эмгек шарттарына нааразы болгон казак мунайчыларынын иш таштоосу кан төгүү менен аяктаган. Андагы тополоңдон расмий эсеп боюнча 16 адам каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган.