Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:02

Жалал-Абад: мал кырылышы15 миллион сом чыгымга алып келди


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин шаршембидеги жыйынында өкмөт алдындагы санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын төрага орун басары Самат Алиев билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү тургундардын чыгымдарын ордуна келтирүү үчүн өкмөт каражат караштырып жатат.

Жогорку Кеңеш Жалал-Абаддагы малдын жапырт кырылышы боюнча токтом кабыл алып, өкмөткө малынан ажыраган жарандарга көмөк көрсөтүүнү тапшырды. Бул жардам жеңилдетилген насыя түрүндө болушу мүмкүн.

Айрым депутаттар чыгымга учурагандарга өкмөттү милдеттүү түрдө компенсация төлөп берүүсүн сунуштап, бирок ал сунушту депутаттар колдошкон жок.

Жалал-Абаддын Сузак районунда жеке чарба ээлери койлорун Өзбекстандан алынып келген чечек оорусуна каршы дары менен эмдеген соң жапырт өлө баштаган. Акыркы маалыматтар боюнча эмдөөдөн өткөн 1900дөн ашуун кой өлдү. Койлордун өлүмүнө себеп болгон чечекке каршы вакцинаны Кыргызстанга Өзбекстан жараны мыйзамсыз алып келген . Ал жергиликтүү ветеринардык дарыгерге вакцинанын 4 миңдей дозасын саткан. Бул вакцина жалпы 2900дөй койго сайылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG