Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

Кумтөр боюнча келишимдер укуктук экспертизадан өткөрүлдү


Бул тууралуу УКМКнын маалыматы кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 1992-жылы түзүлгөн башкы келишимден тарта кийин өзгөртүлгөн бардык келишимдер укуктук талдоодон өткөрүлдү. Эми анын жыйынтыгы 1-октябрда Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын жыйынына сунушталат.

Буга чейин мамлекеттик комиссиянын төрагасы Темир Сариев экономикалык текшерүүлөр да сентябрдын аягына чейин бүткөрүлөрүн билдирген.

Ал эми өкмөттүн алдындагы техника-экологиялык коопсуздук боюнча инспекциянын төрагасы Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, экологиялык анализ октябрдын ичинде аяктайт.

Экологиялык текшерүүнүн кечеңдешине Кумтөрдөгү алтынды иргөөчү фабриканын өз ишин токтоткону себеп болгон.

Июнда парламент "Кумтөрдүн" маселесин талкуулаган. Анда атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп, кендеги абалды иликтеп жатат. Депутаттар кендеги абалды иликтөөгө 1-ноябрга чейин убакыт берген. (BkA)

XS
SM
MD
LG