Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Шашылыш эскертүү: Аба ырайы бузулат


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиришинче, 29-30-сентябрда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Жамгыр жаап, тоо этектеринде карга айланат, тоолорго кар түшөт. 30-сентябрда абанын күндүзгү температурасы 12...17 градуска чейин төмөндөйт. Мындай аба ырайы айыл чарба жумуштарынын жүрүшүнө тоскоол болот.

1-2-октябрда Чүй облусунун айрым райондорунда, Талас жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде 0...3 градус үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул мөмө жемиштерине, казылып алынган жана жабылбаган картошка үчүн коркунучтуу.

Эртең, 29-сентябрда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт, тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25 градус;
Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24 градус;
Баткен облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25 градус;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26 градус;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+12, күндүз +16…21 градус;
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21 градус.

Бишкекте 29-сентябрда күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.Абанын температурасы: түнкүсүн +11... +13, күндүз +23... +25 градус болот.

XS
SM
MD
LG