Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

Шашылыш эскертүү: үшүк жүрөт


1-2-октябрда Чүй облусунун айрым райондорунда, Талас жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын температуруасы -3...0 градуска төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул мөмө жемиштерине, казылып алынган жана жабылбаган картошка үчүн коркунучтуу.

Эртең, 1-октябрда айрым жерлерде түнкүсүн жаан жаайт, тоолордо кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, түндүгүндө -3 ...0 градуска түшүп үшүк жүрөт, күндүз +12…+17 градус; Талас облусунда түнкүсүн температура -3…0 градус болуп үшүк жүрөт, күндүз +11…+16 градус; Баткен облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21 градус; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, айрым жерлеринде -3...0 градустук үшүк жүрөт, күндүз +11…16 градус; Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, айрым жерлеринде температура -3... 0 градуска чейин төмөндөйт, күндүз +13…+18 градус;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -7...-2, күндүз +8...+13 градус.

Бишкекте 1-октябрда түнкүсүн жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн +5... +7, күндүз +15... +17 градус болот.

XS
SM
MD
LG