Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Анаркулов: Ташиевди ооруканага алып баратышат


"Ата-Журт" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев ооруканага кайрылат. Бул тууралуу "Азаттыкка" партиянын өкүлү Нургазы Анаркулов билдирди.

к үй тараптан ок колдонушканда Ташиевге үч резина ок тийген. Бирөө башына, экөө бутуна. Ошондон бир аз эс-учун жоготуп, азыр өзүнө келе баштады. Аны ооруканага алып баратышат", - деди Анаркулов.

Нургазы Анаркулов Ташиев кайсы ооруканага кайрылаарын айткан жок.

Камчыбек Ташиев баштаган элүү чакты адам бүгүн Кумтөр маселеси боюнча Ала-Тоо аянтында өткөн митингден кийин үнүбүздү бийликке жеткиребиз деп Жогорку Кеңештин темир дарбазасынан секирип өткөн. Бирок милиция аларды сүрүп чыгарган. (RK)

XS
SM
MD
LG