Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Ташиевди бошотуу талабы менен Жалал-Абадда да митинг болот


Бүгүн саат 11де облустук администрациянын алдында тынч митинг уюштурулат. “Ата-Журт” партиясынын облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Рашид Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, митинг Ташиевдин кармалышына тынчсызданган элдин туш-тараптан телефон чалып сурап жаткан өтүнүчү менен өткөрүлүүдө.

Уюштуруучулар митингде ар кайсы жактан келген элге окуя чыныгы иш жүзүндө кандай болгонун айтып беришмекчи. Рашид Сулаймановдун айтымында, митингде кечээ кармалгандарды бошотуу, Кумтөрдү улутташтырып, мамлекетке кайтаруу тууралуу талаптар жыйындын катышуучулары тарабынан коюлушу ыктымал.

Ушундай эле талап менен Ош облусунда да эл чогулуп жатканы кабарланууда.(YA/ZKo)

XS
SM
MD
LG