Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Ош: Аянтта шаар күнү майрамдалууда


Ошто бүгүн шаар күнү майрамдалып жатат. Шаар күнүн майрамдоонун алкагында
калаада жаңы курулган жана реконструкцияланган 20 социалдык объект ишке берилип жатканын «Азаттыкка» мэриянын басма сөз катчысы Гүлжан Ажиматова
билдирди.

Бүгүн Султан Ибраимов атындагы кыргыз драма театрынын аянтында «Алтын күз» жарманкеси ачылды. Анда Ош облусунун баардык аймактарында өстүрүлгөн жашылча-жемиш арзандатылган баада сатылып жатат.

Учурда Оштогу борбордук аянтта эртеңки театрлаштырылган оюн-зоокко даярдык жүрүүдө. Көчөдө майрамдаганы чыккан кишилердин саны көп.

Эртең борбордук аянтта чоң концерт тартууланат. Шаар күнүн майрамдоо 3-5-октябрга белгиленген.

Шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков
калаада коомдук-саясий абал тынч экенин билдирди. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG