Ысык-Көл облусунда улуу комузчу Карамолдо Орозовдун 130 жылдыгы белгиленет. Бул тууралу “Азаттыка” облустук бийликтен кабарлашты. Мааракелик иш-чаралар 13-октябрда Ысык-Көл районунун Корумду айылында өтөт. Композитордун арбагына багышталып куран окулат, анын музейи ачылат. Чолпон-Ата ат майданында спорттук оюндар уюштурулат.
Орозовдун 130 жылдыгын 13 иш-чара менен белгилөө тууралуу чечим быйыл жыл башында парламентте кабыл алынган.
Улуу композитор, эл артисти Карамолдо Орозовдун “Камбаркан”, “Ибарат” жана башка чыгармалары улуттук музыканын классикасына айланган. (MK/RK)