Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

Конституциялык палата судьяларын тандоонун 3-туру башталат


Бүгүн Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Сот алдындагы Конституциялык палатанын судьяларын тандоонун 3-турун баштайт. Кеңештин маалымат катчысы Кундуз Жолдубаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, үчүнчү турга 25 талапкер өттү.

Эми бул турда кеңеш мүчөлөрү аталган талапкерлерге добуш берип, эң көп добуш алган  9 талапкердин тизмеси беш күн ичинде президенттин кароосуна жөнөтүлөт. Президент талапкерлерди иргеген соң бекитүү үчүн парламентке алып чыгат.

2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, Конституциялык Сот жоюлуп, анын ордуна Жогорку Сот алдында Конституциялык палата түзүлгөн.(BkA)

 

XS
SM
MD
LG