Камактагы депутат Садыр Жапаровду коргоо боюнча республикалык комитет түзүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комитеттин төрагасы Кеңеш Жумабаев билдирди. Комитет мүчөлөрү Жапаров бийликти басып алууга чакырык таштабаганын билдирип, аны камакка алуу негизсиз деп эсептешет. Мындан улам алар жер-жерлерде кол топтоп, Жапаровдун бошотулушун мыйзам чегинде талап кылышмакчы.
Камактагы Жогорку Кеңеш депутаттары, “Ата-Журт” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго “Конституциялык бийликти кулатууга аракет жасаган”, “Бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген айыптар тагылууда. (KKs)