Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы сүт азыктарына байланыштуу Астанада өткөн сүйлөшүү ийгиликсиз аяктады. Бул тууралуу "Азаттыкка" Астанада сүйлөшүүлөргө катышкан республикалык ветеринардык департаменттин директору Жаныбек Султанов кабарлады.
Султановдун айтымында, Казакстан тарап Кыргызстанда малды идентификациялоо тууралуу мыйзамды кабыл алмайын, сүт азыктарын өткөрбөй турганын билдирген. Ал мыйзамга ылайык, ар бир малды дубандарга жараша бөлүп, өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилиши керек. Ошондой эле казак тарап Кыргызстанда ооруган малды жок кылып, анын ээсине өкмөт компенсация төлөөнү караган тартипти ишке киргизүүнү талап кылууда:
- Эми Жогорку Кеңештен иденфикациялоо тууралуу мыйзамды тезинен кабыл алуу керек. Ошондой эле өкмөт менен сүйлөшүп, ооруган малды жок кылып, анын ээсине компенсация берүү маселесин да талкуулап чечишибиз керек. Эми сүйлөшүүлөр өкмөттүк деңгээлде уланат. Бирок ачылган күндө да жогорудагы талаптар аткарылбаса, кайрадан жабыла бериши мүмкүн, - деди Султанов.
3-октябрдан тарта казак тарап Кыргызстандан ташылган сүт азыктарына тыюу салган. Казакстан мындай кадамга Кыргызстан өзүнө жүктөлгөн милдеттемелерди аткарбай койгону үчүн барганын билдирген. (BkA)