“Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Райкан Төлөгөнов бейшембиде айрым маалымат агенттиктеринде жарыяланган маалыматтарды төгүндөп билдирүү таратты. Өз билдирүүсүндө Төлөгөнов “24.kg” маалымат агенттигинде ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге шилтеме берилип жарыяланган «7-апрелдеги талап-тоноочулукка депутаттардын катышы тууралуу Абдулла Юсуповдун көрсөтмөлөрүнүн 80 пайызы тастыкталды” деген маалыматты төгүндөдү. Депутаттын айтымында, министр анда Абдулла Юсуповдун көрсөтмөлөрүнүн 80 пайызы текшерилгени тууралуу сөз кылган. Мындан улам Төлөгөнов “24.kgдан” аталган маалыматты тезинен төгүндөөнү талап кылган.
Ошондой эле ден соолугу начарлаганына байланыштуу ооруканада жатканын билдирген Төлөгөнов айрым агенттиктер жазгандай суракка келбей жатканы тууралуу маалыматты да четке кагып, ооруканада болгонуна карабастан УКМКнын тергөөчүлөрүнө көрсөтмө берип жатканын билдирген.
Апрель окуяларынан кийинки талап-тоноочулук боюнча айыпталып, тергөө абагында отурган Юсупов мындай иштерге азыркы “Ата Мекен” фракциясынын Райкан Төлөгөнов баш болгон төрт депутатынын көрсөтмөсү менен барганын айтып чыккан эле. Буга байланыштуу парламентте депутаттык комиссия түзүлүп, учурда иштеп жатат.(BkA)