Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

БУУ Ирандагы адам укуктары жаатында абалды сындады


БУУнун Ирандагы адам укуктары боюнча эксперти өлкөдө бул жаатта абал абдан жаман деген баасын берди. Эксперт Ахмед Шахиндин айтымында, укук коргоочулар ар кыл зомбулукка кабылып жатат. Ошондой эле Улуттар уюмунун эксперти Иранда интернет колдонуучулар, блогчулар оор жазаларга туш болгонун билдирди. Маселен, учурда 19 блогчу камакка алынып, алардын төртөө “Кудайга кыянатчылык кылган” деген айып менен өлүм жазасына өкүм кылынган. Мындай жаза террорчулук, экономикалык кылмыштар же тыңчылык кылган учурдагы жазага караганда оор болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG