Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткендеги №3 мектептин директору Мээрниса Жапарова билдирди. Анын айтымында, 6-класстын окуучусу Бегайым Амандиллаевага алгач тез жардам көрсөтүлгөн. Учурда ден соолугу жакшы, сабакка катышууда.
Кечээ, 11-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Баткенге болгон иш сапары учурунда №3-мектептин ачылыш аземине катышкан. Атамбаевдин келишин 4 сааттай убакыт гүл кармап тикесинен турушкан окуучулардын бири президент сүйлөп жаткан учурда кулап түшкөн.
Кыргызстанда президент же башка жогорку деңгээлдеги коноктор келгенде мектеп окуучуларын колдонгон учурлар көп эле кездешет. (КЕ/JsA)