Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:03

Бишкекте көчө фестивалы өтөт


Эртең Бишкек шаарынын эски аянтында “Көчө майрамы – 2” деген аталыштагы фестиваль өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Фестивалга музыканттар, бийчилер, сүрөтчүлөр, велосипедчендер жана ролик тепкендер келип, ар кандай оюн-зоокторду көрсөтөт. Ал үчүн беш аянтча даярдалды. Иш-чаранын негизги максаты - жолдон жөө өткөндөрдүн мүмкүнчүлүгүн, талантын көрсөтүүгө шарт тузүп берүү. Иш-чара мыктыларды аныктоо, белек берүү менен аяктайт.

Фестиаль ар кандай окуялар жана шаңдуу бийлер менен коштолмокчу. Ал каш карайганча уланат. Ушундай эле фестиваль ушул жылдын сентябрь айында да өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG