Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:28

Карамолдо Орозовдун мааракесине карата иш-чаралар башталды


Ысык-Көл облусунун Корумду айылында Кыргыз ССРинин эл артисти Карамолдо Орозовдун 130 жылдыгы белгиленип жатат. Маданий иш-чаралар уюштурулуп, Чолпон-Ата ат майданында ат оюндары көрсөтүлүүдө.

16-октябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы адабият жана маданият музейинде комузчуга арналган кече өтөт. Андан соң көргөзмөсү ачылат. Жыл башында парламент Карамолдо Орозовдун 130 жылдык юбилейин 13 иш-чара менен белгилөө тууралуу чечим кабыл алган.

Корумду айылында 1883-жылы туулган легендарлуу комузчу Карамолдо Орозов Москвадагы Композиторлор союзунун курсунда билим алган. Кыргыз улуттук театрынын жана 1960-жыл, өмүрүнүн аягына чейин филармониянын оркестринин солисти болгон. Мураталы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайда сабак берген. Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган жана СССР композиторлор союзунун мүчөсү болгон.

Учурда Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармониянын улуттук оркестри, Нарындагы музыкалык мектеп жана Бишкекте бир көчө Карамолдо Орозовдун ысымын алып жүрөт. (AKu)

XS
SM
MD
LG