16-октябрь күнү жергиликтүү бийлик, дыйкандар, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар Кыргызстандагы азык-түлүк маселесин талкууга алышат. Иш-чара БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун колдоосу менен өтүүдө. Аталган уюм буга чейин Кыргызстанда элдин көпчүлүгү тапкан акчасынын арбын бөлүгүн тамак-ашка сарптоого аргасыз экенин, ошол эле учурда тамакты тоё жебеген үй-бүлөлөр көп экенин маалымдаган эле.
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда эмгекке жарамдуу адамдын жашоо үчүн зарыл болгон бир айлык керектөөсү 4700 сомго барабар.(ZKo)
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда эмгекке жарамдуу адамдын жашоо үчүн зарыл болгон бир айлык керектөөсү 4700 сомго барабар.(ZKo)