Орусиянын 83 чөлкөмүнүн 77синде кечээ өткөн жергиликтүү шайлоолордо, баштапкы маалыматтарга караганда, бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясы жеңишке жетишти. Бирок оппозиция активисттери бул шайлоодо да мыйзам бузуулар кеңири жайылганын, бийликтеги партиянын жана өкмөт колдогон талапкерлердин пайдасы үчүн “карусель”, “бюллетенди тобу менен таштоо” өңдүү ыкмалар кеңири колдонулганын айтып чыкты.
Маселен, Алтай крайынын борборунда шаардык дума үчүн күрөшкөн Республикалык - ПАРНАС партиясынын тең төрагасы Владимир Рыжков шайлоо бекеттери жабыла элек кезде эле төмөнкүлөрдү белгилеген:
- Фальсификациянын акыркы жылдары ойлонулуп табылган технологияларынын баары бүгүн Барнаулда колдонулду. Биз “Бирдиктүү Орусия” үчүн таштоолорду (бюллетен) жана кошуп жазууларды добуш бергендер санынан болжол менен 30% деп баалайбыз.
Көз карандысыз “Голос” уюмунун эсебинде, жергиликтүү шайлоодогу мыйзам бузуулар саны жүздөп саналат.
Бирок орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев мындай ырастоолорду четке какты. Анын айтымында, жекшемби күнү шайлоодо “олуттуу мыйзам бузуулар” болгон жок.
(UE)