Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

Британия келерки жылы Ооганстандан “миңдеген” аскерин чыгарат


Бул тууралуу билдирген Британиянын коргоо министри Филип Хэммонд Ооганстандан келерки жылы чыгарылуучу аскерлер санын так айткан жок. Бирок Хэммонд Би-Би-Си менен кечээги маегинде:

- 2013-жылдын башында ал жерде биздин тогуз миң жоокер болот. Ал эми 2014-жылдын аягына карата иш жүзүндө бирөө да калбайт. Андыктан мен 2013-жылдын аягында олуттуу кадам жасаларын күтөм.

НАТОнун буга чейин жарыяланган стратегиясы боюнча чет элдик аскерлер Оогастандан 2014-жылдын аягында коопсуздук үчүн жоопкерчиликти ооган күчтөрүнө өткөрүү менен кетиши керек.

2001-жылдын соңунан бери Британия Ооганстанда 430тан ашуун аскерин жоготкон.
(UE)

XS
SM
MD
LG