Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

Брахими Курман айтта ок атышууну токтотууга үндөдү


Сирия боюнча эл аралык арачы Лахдар Брахими Курман айт учурунда ок атышууну токтотууга чакырды. Тегерандагы сапарын жыйынтыктап жаткан Брахими бул демилгени ишке ашырууда көмөкчү болууну өтүнүп Иранга кайрылды. Чабарман визиттин жүрүшүндө президент Махмуд Ахмадинежад, тышкы иштер министри Али Акбар Салехи жана коопсуздук мекемесинин жетекчиси Саед Жалили менен кездешти. Өткөн аптада ал Сауди Арабия жана Түркия жетекчилери менен жолугушкан, бүгүн болсо Иракка барууда. Ал тапта Түркиянын өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн түштүгүндө баш пааналаган сириялык качкындардын саны 100 миңден ашканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG