Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

18-октябрга карата аба ырайы


Шашылыш билдирүү
Адаттан тыш кургак жана жылуу күндөрдөн кийин 18-октябрдан тарта Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. 18-октябрда өрөөндөрдө жааган жаан карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын көп болот.

18-19-октябрда күндүз абанын температурасы өрөөндөрдө 1-6 градуска чейин төмөндөйт. 19-октябрда түнкүсүн өрөөндөрдө 0...-5 градуска чейин жеткен үшүк жүрөт.

Мындай аба ырайы айыл-чара иштерин үзгүлтүккө учуратып, кант кызылчасы жана пахта терүүнү токтотот. Унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Аба ырайы
18-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан жаап, өрөөндөрдө карга айланат. Айрым жерлерде жаан-чачын көп болот.Тоо этектеринде жана тоолордо кар түшөт. Түндүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге, Ысык-Көлдүн акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 1...6,
Талас облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 1...6,
Баткенде түнкүсүн 1...6, күндүз 3...8 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2...7, күндүз 4...9,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...+2, күндүз 2...7,
Нарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 0...5,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5,
Тоолордо түнкүсүн -14...-19, ал эми күндүз -2...-7 болот.

Бишкекте жаан жаап карга айланышы мүмкүн. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2...4, күндүз 4...6 градус болот.

XS
SM
MD
LG