Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

Жогорку Сот кыйноого катышкан делген милиционерлерди актады


Кечээ Ош шаардык ИИБнын “кылмышка шектелип кармалган кишини кыйнаган” деп айыпталган төрт кызматкеринин ишин караган Жогорку Сот мурунку сот бутактарынын чечимдерин күчүндө калтырды. Ага ылайык, 2011-жылы июль айында кармалган Шарабидин Юлдашевди уруп-сабап кыйнаган деп шектелген Ош ШИИБнын кызматкерлери Алтынбек Сулайманов, Тимур Кыргызбаев, Акылбек Касымов жана Талгат Исакбековду Ош шаардык жана облустук соттору “аракетинде кылмыш курамы жок” деген негиз менен актаган эле. Жабырлануучу Юлдашевдин адвокаты Валериан Вахитов эми Жогорку Соттун токтомун БУУнун адам укуктары боюнча комитетине жолдой турганын билдирди.

Шарабидин Юлдашев июнь окуясына катыштыгы бар деген шек менен 2011-жылы 5-июлда кармалган. Ал бир сутка бою жогоруда аталган милиция кызматкерлери аны уруп-сабап кыйнаганы тууралуу билдирип, сотко кайрылган болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG