Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

АКШ “ал-Каиданын” Ирандагы эки мүчөсү үчүн 12 млн доллар сыйлык жарыялады


Мамлекеттик департаменттин жарыясына караганда, “ал-Каида” террордук түйүнүнүн Ирандан аркеттенген эки өкүлү Ирак менен Ооганстанга экстремисттерди жөнөтүүдөгү “башкы ортомчулар”.

Мамдепартаменттин айтымында, АКШ өкмөтү Мухсин ал-Фадхлинин камалышына алып баруучу маалымат үчүн 7 миллион, Адел ал-Харби тууралуу маалымат үчүн 5 миллион доллар берет.

Өз кезегинде АКШнын Каржы министрлиги кечээ ал-Харбиге каршы санкция да киргизди. Бул чечим менен ал-Харбинин АКШда кандайдыр бир активи болсо тоңдурулат, ошондой эле АКШ жарандарынын анын менен ишкер байланыш түзүүсүнө тыюу салынат. Ал-Фадхлиге каршы мындай чектөө мурда эле киргизилген.

АКШ өкмөтүнүн ырастоосунда, Иран “ал-Каида” түйүнүнө өз аймагында “эркин аркеттенүүсүнө” мүмкүндүк берүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG