Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

Депутат Исмаил Исаков президентке кайрылды


Өз кайрылуусунда Исмаил Исаков 3-октябрдагы окуялардан соң өлкөдө туруктуулукка доо кеткенин билдирип, президентти бул окуяларга өз мамилесин билдирүүгө чакырган. Депутаттын айтымында, Кыргызстанда мыйзамдар мурдагы бийликтер тушундагыдай эле мыйзамдуулукту сактоо үчүн эмес, бийликке каршы чыккандарды коркутуу үчүн колдонулуп жатат. Депутат буга Камчыбек Ташиев баштаган депутаттарга өтө оор беренелердин негизинде кылмыш иши козголгонун мисал келтирген.

Кайрылууда 3-октябрдан соңку нааразалыктарга кошумча болуп, маанилүү кызматтарга мурунку режимдердин күчөшүнө салымын кошкон айрым адамдар келгени, тамак-аш азыктарынын кымбатташы да себеп болуп жатканын айтып, мындай абалды кайсы бир күчтөр өз максаты үчүн пайдаланышы мүмкүн деп эскерткен. Мындан улам Исаков өлкөдөгү абал курчуп кете электе президентти кечиктирилгис чара көрүүгө үндөгөн.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев күч органдарына 3-октябрдагы окуяны кылдат жана калыс иликтөө тапшырмасын берген.(BkA)

 

XS
SM
MD
LG