Шаар башчысы Усама Ал Бардын айтымында, метро линияларынын узундугу 182 чакырым болмокчу. 16,53 миллиард долларлык планды ишке ашыруу үчүн болжолу менен 10 жылдай убакыт кетет. Биринчи баскычы 3 жылдын ичинде бүткөрүлүп 6122 чакырымды камтымакчы. Ыйык жерлерди көрөбүз деген мусулмандар көп каттаган Мекеде транспорт байланышы курч маселелердин бири. Ушул жумада шаарга Курман айт алдында 2 жарым миллиондой зыяратчы чогулууда. Анын үстүнө 20 жылдын ичинде шаар калкы 3 миллион кишиге жетет деп болжолдонууда.