Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Бишкек ТЭЦине көмүр ташуу үчүн эки компания ат салышууда


Бишкек жылуулук электр борборуна (ТЭЦ) көмүр ташуу укугун берүүчү тендерге Казакстандын “Казакмыс” жана “Кара-Текше” компаниялары катышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Электр станциялары” ишканасынан кабарлашты. Учурда эки компания сунуштаган кызматтардын акысы талкууланып жатат. Тендердин жыйынтыгы 30-октябрда коомчулукка жарыяланмакчы.

Бишкек жылуулук электр борборуна жалпы 70 миң тоннадай көмүр керек. Былтыр сентябрда Казакстандын Кулан кенинен Бишкек ТЭЦине 8,5 миңдей тонна жана Чүй облусуна миңге жакын тонна көмүр келген. Анын радиациялык фону нормадан 8-10 эсе жогору экени аныкталган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG