Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Отунбаева Түштүк Кореянын өнүгүү тажрыйбасы менен тааныштырат


Экс-президент Роза Отунбаева кыргызстандыктарды Түштүк Кореянын экономикалык өнүгүү тажрыйбасы менен тааныштырат. "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду 31-октябрда Бишкекте атайын жыйын уюштурууда. Ага Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Чан Гю Ким, кореялык алдыңкы фирмалардын, аталган өлкөнүн өкмөтүнүн өкүлдөрү жана кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү чакырылган.

Отунбаеванын фонду Азиядагы мыкты өнүгүп келаткан өлкөлөрдун тажрыйбасы менен Кыргызстанды тааныштыруу максатында Discover Asia деген долбоор баштаган. Буга чейин аталган долбоордун алкагында беш жолугушуу уюштурулду.

2020-жылга карата Түштүк Корея Азия аймагындагы экономикалык жактан эң мыкты өнүккөн өлкө болоорун айтып келет. Анын азыркы саясаты айлана чөйрөнү коргоо аркылуу экономикалык өсүшкө жетсе болот деген позицияга негизделген. (RK)

XS
SM
MD
LG