Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

АКШнын жээгине "Сэнди" ураганы жакындады


“Сэнди” ураганы АКШнын чыгыш жээгине жакындап келатат. Ылдамдыгы саатына 140 километрге жеткен катуу шамалдан улам, жүз миңдеген киши көчүрүлдү. Циклон жээкке дүйшөмбүнүн түнүндө же эртең таңга маал жетет деп күтүлүүдө. Синоптиктер андан тышкары калың кар түшүп, бороон болот деп эскертишти. Түндүк Каролинадан Коннектикутка чейин чукул абал жарыяланды. Нью-Йорк жана Вашингтон шаарларында коомдук транспорт токтоп турат. Миңдеген ички жана сырткы авиарейстер аткарылбай калды. Президент Барак Обама өкмөт урагандан кийин тез чара көрөт деп ишендирди.

XS
SM
MD
LG