Варшава прокуратурасы Польша президенти кабылган авиакырсык боюнча негизги күбөлөрдүн бири каза болгонун маалымдады. Прокуратура бүгүн билдиргенине караганда, Ремгиуш Мус борбор шаардын жанындагы үйүндө ишембиде асынып өлгөн. Ал 2010-жылдын 10-апрелинде Смоленск шаарына конгон учактын инженери болчу. Учак президент Лех Качински, анын жубайын жана бир топ жогорку жетекчилерди ташыган лайнерден 1 саат мурда барган. Тергөөнүн жүршүндө Мус Орусиянын аба каттам диспетчерлери катуу туманга карабай, президенттин учагына 50 метрге чейин ылдыйлоо уруксатын беришкен деп айткан.
Анын көрсөтмөлөрү Орусиянын расмий версиясына каршы келет. Ага ылайык, диспетчерлер 100 метрден төмөн түшпөөнү айтышкан. Качинскинин учагы Смоленсктин жанындагы токойго кулап түшүп, бортундагы 100дөн ашуун киши өлгөн.