Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:59

Израилдин премьери Нетаньяху Францияга барды


Биньямин Нетаньяху бүгүнкү сапарында Франциянын президенти Франсуа Олланд менен жолугушат. Батыш маалымат каражаттары лидерлер бул ирет ядролук курал чыгарууга камданууда деп айыпталып жаткан Иранга санкцияны күчөтүү маселесин талкуулашат деп жазып чыгышты.

Израиль жана батыш өлкөлөрү Тегеранды ядролук курал чыгарууга баратат деп катуу айыптап келет. Бирок Иран өкмөтү бул маалыматты бир нече ирет төгүндөгөн.

Кечээ Изарилдин коргоо министри Эхуд Барак Иран менен жаатташуунун алдын алынганын айткан. Министрдин айтымында, ушул жылдын башынан бери Тегеран байытууга камдаган урандын үчтөн бир бөлүгүн тынчтык мүнөздөгү иштерге сарптаганы тууралуу Израилде маалымат бар.

Буга чейин Израилдин расмийлери эгерде Иран ядролук курал чыгаруу аракетинен баш тартпаса аскерий сокку ураарын айткан.

XS
SM
MD
LG