Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Бүгүндөн тарта пенсия көбөйөт


Социалдык фонд тараткан маалымат боюнча, ноябрь айынан тарта пенсионерлерге жаңы, көбөйтүлгөн өлчөмдө пенсия бериле баштайт. Өкмөттүн токтому менен 1-ноябрдан тартып 2000-3000 сом пенсия алгандарга 300 сом, 3000-4000 сом пенсия алгандарга 200, 4000-10 000 сом пенсия үчүн 150 сом кошулат. 10 миң сомдон көп пенсиялар көбөйтүлгөн жок. Соцфонддун маалыматына ылайык, пенсиянын жогорулашы эң төмөнкү өлчөмдөгү пенсияны минималдык керектөөгө теңдөө максатында жүргүзүлдү. Көбөйгөндөн кийин Кыргызстандагы орточо пенсия 4270 сомду түзөт. Пенсияны көбөйтүү үчүн быйылкы мамлекеттик бюджеттен кошумча 224 млн. сом талап кылынат.

Соцфонддун маалыматына караганда, бүгүнкү күнү Кыргызстанда 23 миң адам төмөнкү өлчөмдөгү пенсия алышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG