Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:26

Түркия Сириянын аба мейкиндигин жабууга чакырышы ыктымал


Премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын билдиришинче, Сириянын аба мейкиндигин учактар үчүн жабуу маселесин Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши чечүүгө тийиш. Эрдоган мындай пикирин Берлиндеги сапары маалында айтты жана Сириядагы абалды “катастрофа” деп мүнөздөдү; ошондой эле Түркияга качып кирген миңдеген сириялык качкындарга Германиянын да көмөктөшүүсүн өтүндү.

Сирия оппозициясынын маалымдашынча, былтыр марттан берки Сирияда жүрүп жаткан куралдуу калабада 35 миңден ашуун адам набыт болду. Шаршемби күнү Дамасктын четиндеги жардырууда алты киши набыт болгону маалымдалды.

XS
SM
MD
LG