Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:17

Баш прокуратура: НТСке кылмыш иш ачылган эмес


Баш прокуратура НТС телеканалына карата кылмыш иш козгоду деген маалымат жалган. Бул тууралуу бүгүн Баш прокуратурадан кабарлашты.

30-октябрда парламенттеги "Республика" фракциясынын жыйынында камакта жаткан айрым жарандардын 2010-жылдын 7-9-апрелиндеги талап-тоноо фактылары жөнүндө айтканын териштирген убактылуу депутаттык комиссия маалымат берген. Анда НТСке маек курган Абдулла Юсупов аттуу жарандын интервьюсунан кийин Баш прокуратура аталган телеканалдын журналисттерине карата кылмыш иш козгогон деп айтылган.

Баш прокуратуранын бүгүн билдиргенине караганда, бул факт боюнча чынында эле кылмыш иш козголгон, бирок НТСке эмес, Жаза аткаруу кызматынын айрым кызматкерлерине карата. (RK)

XS
SM
MD
LG