Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Кытайда активист 8 жылга эркинен ажыратылды


Кытайдын Кунминг шаарында демократиячыл активист 27 жаштагы Као Хайбо 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу журналисттерге анын адвокаты маалымдады. Анын айтымында, Као көп партиялуу система түзүү чакырыктары үчүн айыпталды. Чакырыктар социалдык түйүндөргө жайгаштырылган. Байкоочулар мындай катаң өкүм менен бийлик коммунисттик партиянын курултайы алдында диссиденттердин апазын басууну көздөйт дешет.

XS
SM
MD
LG