Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:30

БУУ сириялык козголоңчулардын аракетин айыптады


БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты сириялык козголоңчулар өкмөттүк армиянын аскерлерин өлтүргөн учурлар согуш кылмыштары тууралуу кабар берет деп билдирди. Бүгүн YouTube сайтында жарык көргөн видеодо эрегишчилер 10 чакты аскерди уруп-сабап, кийин атып өлтүрүшкөнүн көрсө болот.

БУУнун маалымат катчысы Руперт Колвил видеону текшерүү керектигин айтып,
ошол эле маалда анда, сыягы, согуш кылмыштары тартылган, андай кылмыштар үчүн жооптуулар жазаланууга тийиш деди.

- Сириядагы жаңжалдашкан тараптарды адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдарды, гуманитардык мыйзамдарды урматтоого үндөйбүз. Жооп берүү күнү келээрин унутпоолору зарыл. Бир топ кылмыштарды далилдеген фактылар бар. Бул видео чын болуп чыкса, деталдары анык болсо, аны да ошол далилдерге кошсо болот.

Кечээ козголоңчулар Дамаск-Алеппо жолундагы текшерүү пунктунда куралдуу күчтөрдүн 28 аскерин өлтүрүп кетишкенин Британияда жайгашкан Сириядагы Адам укуктарына байкоо салган уюм билдирген. Уюм жана Amnesty International уюму сөз болгон видеодогу фактыларды айыпташты.

 

XS
SM
MD
LG