Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Сирияда козголоңчулар куралдуу күчтөрдүн базасына чабуул коюшту


Сирияда президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшкөн козголоңчулар куралдуу күчтөрдүн аскерий базасына чабуул коюшту. Тафтаназ базасы козголоңчулардын турумдарына абадан сокку уруу үчүн пайдаланып келген.

Эрегешчилер бир нече убакыттан бери Алеппо менен Дамаск ортосундагы стратегиялык аймакты өз көзөмөлүнө алууга аракеттенип жатышат. Мунун алдында эле армиянын аба күчтөрүнүн Саракеб базасы антиөкмөттүк күчтөргө өткөн.

Бириккен улуттар уюму ал базаны алууда козголоңчулар согуш кылмыштарына барышкан деп шектенет. Чабуул маалында 28 аскер өлтүрүлгөн. Кечээ интернетте жарык көргөн видеодо бир нече аскерди уруп-сабап, атып өлтүрүшкөнү тартылган.

 

XS
SM
MD
LG